Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:59

21-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыласкер депутаттардын кеңеши 1928-жылдын бу күнү, борбордун бардык аймагында орун алган тезек камдоо «компаниясын» айыптаган чечим чыгарды. Кыргызстан тарыхындагы биринчи эларалык шахматтык турнир 1979-жылы өткөрүлдү.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыласкер депутаттардын кеңеши 1928-жылдын бу күнү, борбордун бардык аймагында орун алган тезек камдоо «компаниясын» айыптаган чечим чыгарды. Шаардык кеңештин чечиминде ордо калаанын борбору эсептелген: чыгышында Кузнечный, азыркы Ибраимов, батышында Больничный, азыркы Логвиненко, түндүгүндө Ташкент, азыркы Жибек жолу, түштүк тарабында Верхний, азыркы Бөкөмбаев көчөлөрдө тезек жасоого тыюу салынган.

Кыргыз областтык ВКП (б) комитети 1932-жылдын бу күнү Фрунзе шаарындагы советтик сооданы өнүктүрүүгө белсене киришти. Партиялык чечимге ылайык шаардын айланасындагы элүү беш колхоз чарбалары борбордун өнөр жайларын айыл чарба продукциялары менен камсыз кылууга милдеттендирилди. Анткен менен эки тараптын тең партиялык көрсөтмөнү толук аткарууга чолосу тийген эмес.

Ошол кездеги обком партиянын биринчи катчысы Александар Шархрайдын маанилүү чечимди аткарбаган кызматчыларды кызматтан ала тургандыгын билдиргенине карабастан, айрым жетекчилер буйрукка баш ийген эмес. Алардын айтымында, элет калкы ансыз да жакырчылыктын азабын тартып, тамак-аш шаарга эмес жеке керектөөдөн артпайт калган.

Фрунзе шаарынын түштүк-батышына курулган жаңы аэропорт 1957-жылдын бу күндөрү жүргүнчүлөрдү тейлөөнү баштады. Ошол убактагы шаар инфраструктурасына ылайык, аэропорт борбордон ыраак орун алып, таштак талаадагы кыпкызыл кызылгүлгө оронгон күмүш канат самолеттор жүргүнчүлөргө керемет таасир калтырган. Жаңы аэропорт мурдагы Ново-Белинский, азыркы Тынчтык көчөсүнүн соңунда орун алган.

Кыргызстан тарыхындагы биринчи эларалык шахматтык турнир 1979-жылы өткөрүлдү. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына арналган шахматчылардын эларалык турнири 21-майда башталып, ага А. Белявский, Д. Спилмэн, Е. Васюков, В. Савон сыяктуу эларалык гроссмейстерлер жана кыргызстандык Н. Зильберман, Л. Юртаев, Д. Маматовго окшогон мастерлер катышкан. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына арналган эларалык турнирди Львовдук гроссмейтер А. Белявский жеңип, кыргызстандык Н. Зильберман менен Л. Юртаевдер эларалык мастердин нормасын толтурушкан.
XS
SM
MD
LG