Дагы сегиз киши жарат алды. Бомба Гелменд аймагындагы полициячылардын участогунун жанында жардырылган. Божомолдорго караганда жан кечти жергиликтүү Мусакалаа полиция башчысын бутага алган. Полиция кызматкери жабыркаган жок. Ошондой эле Забул провинциясында коалициянын бир аскери жана бир жай адам жолдо жарылган бомбадан мерт болгону маалымдалды.