Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:23

15:30 Президент өкмөт башчыга кыргыз-тажик макулдашууларын ишке ашырууну көзөмөлдөөнү тапшырды


Бүгүн президент Курманбек Бакиев премьер-министр Игорь Чудиновду кабыл алды. Өлкө башчысы ага кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүндө мамлекеттик чек ара боюнча өкмөттөр аралык делимитация жана демаркация комиссиясынын ишин тездетүү, суу-энергетикалык маселелерди чечүү боюнча, эки өлкөнүн аймагы аркылуу транспорттук коммуникацияны өнүктүрүү боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун үстүнөн тиешелүү көзөмөл кылуусун тапшырды. Президент ошондой эле Баткен жана Ош областарына болгон жумушчу сапардын жыйынтыгына көңүл буруп, региондордун, өзгөчө - Баткен, Нарын облустары сыяктуу алыскы аймактардын өнүгүүсүнө көңүл бурууну бошоңдотпоо керек экендигин белгиледи. “Жергиликтүү элдин борбор, ошондой эле башка региондор менен болгон байланышын арттыруу үчүн, Казарманга үзгүлтүксүз авиакаттамдарды калыбына келтиришибиз керек”, деп айтты К. Бакиев. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG