Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

АЯЛДАРДЫН ДИСКУССИЯЛЫК КЛУБУ: БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ КОРКУНУЧТА


21-майда Аялдардын дискуссиялык саясий клубу билим берүү тармагындагы бүгүнкү абал тууралуу тегерек үстөл өткөрүштү. Жыйында бүгүнкү билим берүү тармагындагы көйгөйлөр талкууланып, кризистен чыгуунун аргалары изделди. Аялдардын дискуссиялык клубу жыйында билим берүү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/science/ky/2008/04/A8C8F461-D2D0-4300-B27E-DC89ADD921A1.asp мекемелерин менчиктештирүү боюнча программаларды токтотуу керектигин, билим берүү тармагын реформалоо боюнча бийликтин иш-аракеттери ачык болушу зарылдыгын айтып чыгышты. Ал эми бийлик өкүлдөрү менчиктештирүү саясаты туура жүрсө, анын пайдасы гана болорун, билим берүүдөгү кризис бүт дүйнөдө бир топтон бери байкалып келатканын айтышууда.

Аялдардын дискуссиялык саясий клубунун кезектеги отурумунда билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдөн кеп козголуп, “Мамлекет билим берүүдөгү кризистен чыга алабы? Эгер чыга алса, кантип?” деген негизги теманын айланасында талкуу жүрдү. Жыйынга билим берүү тармагынын адистери, коомдук-саясий ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын уюштуруучулары атайын чакырылган бийлик өкүлдөрү келбей коюшканын, мындай мамилени эл тагдырына кош көңүл мамиле катары баалоого болорун, ал эми катышып отургандары талылуу суроолорго жооп бере алышпасын билдиришти.

Аялдардын дискуссиялык клубунун координатору Калича Өмүралиева, PISA долбоорунун иликтөөсүндө Кыргызстандын окуучулары билим деңгээли боюнча төмөнкү орунга түшүп калганын айтып, мындай дейт:

- Баарыбыз көрүп атабыз. Билим берүү тармагында терең кризис. Биздин балдар иликтөөлөр боюнча араң эле окуп-жазганды билип калышты. Жеке сапаттарды өнүктүрүү дегенди айтпай эле коелу. Алар эми тачка түрткөнгө эле жарайт го. Азыр бизге донордук уюмдар акча берип атышат, ал акчалар реформаларга жумшалбай эле бизди артка тартып атат. Балдардын деңгээлин го көрдүк. Ким күнөөлүү буга? Биз билебиз ким, качан министр болуп турган, кандай иш кылышкан. Аттарын айтпай эле коеюн, ошолор жооп бериши керек да.

Ошондой эле Кыргызстанда билим берүү тармагына бөлүнгөн каражаттар максаттуу жумшалса бүгүнкүдөй абал жаралбайт эле дешет. Укук коргоочу Анара Дауталиева билим берүү жаатындагы иштер боюнча буларга токтолду:

- Биз санап көрсөк, 100 миллиондук кредит-грант алыптырбыз билим берүүгө. Ошону Акаеви болобу, Бакиеви болобу келечекти ойлоп туура пайдаланганда азыркы иликтөөлөр көргөзгөндөй Кыргызстан төмөнкү орундарга түшмөк эмес. Мына жайында ЖОЖдорду менчиктештирген турушат. Эмне үчүн элдер эс алууга кеткенде, эл көп нерседен кабары жок турганда ушундай жасап атышат. Менимче мында бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар деп ойлоп жатам. Ошол Бишкекте жайгашкан окуу жайлардын имараттары кимдир бирөөлөргө керек болуп калса керек.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова болсо, келечектин ээси болгон жаштар, билим берүү тармагы жана өлкө коркунучта турганда, бийликтегилер элдин байлыгын бөлүшүү менен алек болуп жатканына токтолуп, мындай деди:

- Мисалы, менин укуктук клиникама келген бүтүрүүчүлөр менен мындан беш жыл мурдагылардын деңгээлин салыштырсам, азыркылардын билим деңгээли төмөндөп калыптыр. Мунун мугалимдин жетишпестиги деген сыяктуу көптөгөн себептери бар. Дагы бир нерсе, Билим берүү министрлигинин соңку демилгелерин мен максаттуу түрдө улутту жок кылуу саясаты деп атайт элем. Анткени, кыргыздан билими тайкы, эч нерсеге түшүнбөгөн, жакшы окуй албаган, кул катарында кызмат кыла турган калкты түзөбүз деп атышат. Ошону кыргыз эли түшүнүшү керек.

Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы Жогорку окуу жайлардын проблемалары жана үзгүлтүксүз окутуу борборунун директору Кыргызбай Дабаевдин пикиринде, бир гана Кыргызстанда эмес дүйнө боюнча бир топтон бери билим берүү тармагында кризис байкалып келет. Андыктан, окуу жайларды менчиктештирүү саясаты билим берүү тармагын кризистен чыгарып кетиши да мүмкүн:

- Менчиктештирүү саясаты бир чети билим берүү тармагын кризистен алып чыгып кетиши мүмкүн. Эгер ага туура багыт берилсе. Мына алып көрөлү, Жапонияда көптөгөн ЖОЖдор менчикте, билим сапаты жакшы. АКШда деле жеке менчик ЖОЖдор. Мына мен деле бир жеке менчик ЖОЖдун түзүүчүлөрүнөн болом. Мен өзүбүздүн окуу жайдын сапатын кантип көтөрсөм деп күнү-түнү ойлойм. Анткени сапатын көтөрбөй койсом эртең мага студенттер келбей калат. Ал эми мамлекеттик ЖОЖго план эле керек.
XS
SM
MD
LG