Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:10

13:52 Адахан Мадумаров: Мен мага ишеним көрсөтүү, көрсөтпөө маселесин добушка алып чыгам


Ал мындай позициясын “Ак жол” фракциясынын башчысы Элмира Ибраимова президент Курманбек Бакиев менен жолугушуусу жана анда президенттин парламент имаратын оңдоо боюнча позициясын ачыктагандан билдирди. Ибраимованын айтымында, ал президент менен 45 минута мурун сүйлөшкөн. Анда президент оңдоо иштерин быйыл эмес, келерки жылы жүргүзүү максатка ылайыктуу экенин билдирген. Андан кийин сөз алган төрага президент менен парламенттин байланышын фракция башчысы эмес, төрага жүргүзөөрүн айтуу менен бул шарттын бузулушу менен бийлик системасынын байланышы жабыр тартаарын белгиледи. Адахан Мадумаров мындай шартта өзүнө ишеним көрсөтүү жана көрсөтпөө маселесин добушка коерун билдирди.Саат үчкө чейин танапис жарыяланды.(AiT)

XS
SM
MD
LG