Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:00

10:05 Жогорку Кеңеш Камбарата ГЭСтерин куруу боюнча маселени талкуулоого киришти


Депутат Иса Өмүркулов Камбарата ГЭСтерин курууну жалпы элдик курулуш деп атап, ага элден акча чогултуу жөнүндөгү идеясын такыр унутуу зарыл, аны өкмөт куруп, жоопкерчилигин өкмөт алуу керек деп билдирди. Ал эми депутат Зайнидин Курманов ГЭСтерди элден акча чогултуп куруу демилгесин көтөрүүгө парламенттин акысы жок, анын үстүнө Жогорку Кеңеш имаратын жаңгак менен жасалгалоо чатагы депутаттардын абийирине көлөкө түшүрдү деп, СССР доорунда элдин күчү менен курулган Байкал-Амур магистралына чогулган каражаттын азыр изи жок кеткендигин кошумчалады. Бир топ депутаттар чечимди бирөөнүн көзүнө көрүнүү үчүн эле кабыл алып койбой, аны ишке ашыруу боюнча өкмөттүн аракетин көзөмөлдөө зарылдыгын белгилеп жатышат. (BD)

XS
SM
MD
LG