-Биздин өлкөлөр ортосундагы буга окшогон стратегиялык өз ара аракеттенүүбүз, балким, бардыгына эле жага бербейт, бирок мындай аракеттер эки өлкө калкынын кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканын эскертебиз.
Эксперттер чөйрөсү болсо Кытай жетекчиси Ху Цзиньтао менен орус лидери Медведевдин саясий шааниде, дегинкиси, АКШнын дүйнөдө лидер болушуна каршы чыгуу негизде чукул көз карашта сөз сүйлөшкөнүн белгилешет. Алар, маселен, Кошмо Штаттардын ракеталык коркунучтан коргонуу системаларын Польша жана Чехиянын аймагына жайгаштыруу планына каршы чыгышкан.
Ошондон улам батыштык серепчилер Орусиянын жаңы лидеринин алгачкы иш сапары Батышка эмес, Чыгышка жасалганын адаттан тышкары көрүнүш катары баалашууда. 23-майда Медведев Астанага барып, ал жерде президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, кийинки күнү Бээжинге сапар тарткан.
Филадельфиялык Тышкы саясатты изилдөө институтунун жетекчиси Харви Сикермандын баамында, бул жерде Орусиянын эл аралык чөйрөдөн өз ордун издөө аракети байкалат:
-Канткенде да мурдагы президент Путиндин жолун жолдоо болуп атканын көрүп турабыз. Бул иш сапардын жыйынтыгында Орусия үчүн Европа жана Кошмо Штаттарына алмаштырса болчудай өнөк - Кытай экенин билдирүү бар. Бирок кытайлыктар кийинки учурда Америкага каршы чыгууну анча жактырбай жүрүшкөнүн биз жакшы билебиз. Ошого карабай Москванын Батышка кыр көргөзүү максатта аны колдоочулар көп экенин жана андайлардын бири - Кытай болгонун билишсин деп жасап жатат.
22-майда жарык көргөн санында Financial Times гезити дагы орус президентинин Кытайга жасаган иш сапарын «Батышка карата жасаган ишарат болду» деп жазган.