Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

ЛИВАНДА ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛАНДЫ


Ливан парламенти жарым жылдай убакыттан соң кечээ өлкөнүн жаңы президентин шайлады. Бул кызматка армиянын башкы колбашчысы генерал Мишел Сулейман дайындалды. Анын талапкерлигин өкмөт менен оппозиция Катардын борбору Дохада өткөн сүйлөшүүлөр учурунда макулдашкан эле. Кечээ Сулейман депутаттардын басымдуу көпчүлүк добушун алды. Жаңы президент эми Ливандын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/3D7ECDF3-A41E-4A02-888A-9C32640C1B10.asp улуттук биримдик өкмөтүн түзөт, ага оппозициядагы “Хезболла” уюмунун өкүлдөрү да кирет.

Ливанда мамлекет башчысынын орду былтыр ноябрдан бери бош калган эле. Парламент жаңы президент шайлоо үчүн он тогуз ирет аракет жасады, анын баары оңунан чыккан жок. Тескерисинче, саясий араз күчөп, анын арты куралдуу кагылыштарга алып келди, аз жерден жарандык ич ара согуш чыгып кете жаздады.

Ливандагы бул жолку кризис 2005-жылы экс-премьер Рафик Харири киши колдуу болгондон көп өтпөй тутанып, мындан он сегиз ай мурда өкмөттөн оппозициянын өкүлдөрү чыгып кеткен соң өзгөчө курчуп кетти. Генерал Мишел Сулейман ошондон бери армиянын биримдигин сактап, аны араздашкан бардык тараптарга калыс караган күч катары көрсөттү. Ушундан улам аны президент кылып шайлоо сунушун Ливандын батышчыл өкмөтү да, радикалдуу оппозиция да тетириленбей кабыл алды. Кечээ парламентте 127 депутаттын 118и Сулейманды колдоп добуш берди. Ошол эле күнү ал ант берип, ырасмий түрдө кызматына киришти.

Жаңы президент парламенттеги биринчи сөзүн саясий араздардын айынан бейжазык набыт болгон адамдардын арбайын эскерүү каадасынан баштады. Сулейман андан соң Ливандагы кризисти жөнгө салууга активдүү арачылык кылганы үчүн Арап мамлекеттер лигасынын баш катчысы Амр Мусага, Катардын эмири шейх Хамад бин Халиф ал-Таниге ыраазылык билдирди. Жалпы ливандыктарды жаңы президент улуттук биримдикке чакырды.

Сулейман эми жаңы өкмөт түзүүгө киришет. Дохадагы келишимде каралгандай, улуттук биримдик өкмөтүндө министрлик отуз орун болот, анын 16сы көпчүлүктүн, 11и оппозициянын жана үчөө президенттин өкүлдөрүнө берилет. Министрлер өз алдынча кызматтан бошонум алып кете албайт, өкмөттүн ишин кыйындаткан кадамдарга барбайт. Мындан тышкары бардык саясий күчтөр күрөштүн куралдуу ыкмаларынан да баш тартууга милдеттүү болот.

Парламенттин кечээки жыйынына чет элдик эки жүздөй мартабалуу коноктор катышты. Алардын ичинде коңшулардын, арап өлкөлөрүнүн, Евросоюздун, АКШ конгрессинин өкүлдөрү болушту. Меймандар жаңы президенттин шайланышын тарыхый окуя катары баалашты. “Бул - Ливан үчүн үмүттүн улуу күнү, демократиялык институттарды баш коштуруу процессинин жаңы башталышы болду”,-деп билдирди Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттини. Иран министри Монучехр Моттаки “Ливанды, анын каарман элин жана акылман жетекчилигин чоң жана тарыхый жетишкендиги” менен куттуктады.

Ливандагы саясий кризис чечилгенин бейтарап байкоочулар да кубатташты. Алардын көбү жаңы өкмөттө оппозиция вето салуу укугуна ээ болгонун жана келишимде анын түйүндүү негизги талаптары орундалганын ливандык шейиттердин, өзгөчө “Хезболла” кыймылынын утугу таризинде карап жатышат.

XS
SM
MD
LG