"Азаттык" менен 21-майдагы маегинде Брыза баштапкы максат грузин жана абхаз жетекчилерин тынчтык жараянын кайра жандантуу зарыл гана эмес, мүмкүн да экендигине ынандыруу болгондугун билдирди.
Мамдепартамент өкүлүнүн сөзү боюнча бул чөлмөк дипломатиясы грузин президентинин соңку тынчтык сунушуна негизделген. Михаил Саакашвили өткөн айда Абхазияга кеңири автономия сунуш эткен эле.
Ал планга ылайык, Грузиянын президентинин орунбасарлыгы абхаз өкүлүнө берилип, ал Абхазияга кедерин тийгизиши мүмкүн болгон мыйзамдарга вето коюу укугуна ээ болот. Абхазияга ошондой эле бир канча министрликтин жетекчилиги ыйгарылып, согуштан айрыкча жапа тарткан Гали жана Очамчире оодандарына "эркин экономикалык аймак" макамы берилмекчи.
Бирок абхаз жетекчилери бул сунуштарды кабыл алган жок. Андан көп өтпөй, Кремль Сухумиге КМШ өлкөлөрү киргизген санкцияларды бир тараптуу алып салып, бул жумуриятта турган куралдуу күчтөрүнө дагы кошумча аскер жөнөттү. Саакашвили бул кадамдарды кескин айыптады.
Грузия Абхазияда турган тынчтык аскерлерине КМШнын башка өлкөлөрүнөн да аскер кошууну каалар эле. Айтор, ушул айда Грузия Бириккен улуттарды 1992-94-жылдардагы жаңжалда Абхазиядан качкан он миңдеген грузин атуулдарынын туулган жерине кайтып келүү укугун бышыктаган резолюция кабыл алууга көндүрө алды.
"Азаттыктын" грузин кызматы менен маегинде Грузиянын БУУдагы элчиси Аласания бул резолюция абхаздардын да кызыкчылыгында экендигин белгилеп, буларды кошумчалады:
-Бул туура багыттагы чоң кадам. Бирок нагыз жылыш грузин жана абхаз элдеринин ортосундагы диалогго көз каранды.
Абхаздар грузин жетекчилеринен бир гана Аласанияга ишенүү менен мамиле кылышат.
БУУнун резолюциясынан кийин Орусия Грузияны "маселени эл аралык деңгээлге чыгарып жиберди" деп күнөөлөдү. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Батышка да "Абхазия менен Түштүк Осетиядагы кырдаалды курчутуп атат" деген кине койду.
Ошого карабастан, АКШнын мамкатчысынын өкүлү Мэтю Брыза "Орусия абхаз жаңжалын тынчтык жол менен чечүүгө кызыкдар" деп эсептейт. "Азаттык" менен маегинде ал тынчтык келишимине дагы узак жол бар болсо да, кийинки кездери куралдуу тиреш коркунучу басаңдап калганын мындайча бышыктады:
-Биз Абхазиядагы кырдаалга байланыштуу сергектик менен акыл калчашыбыз керек. Мында кырдаал саясий да, аскердик жактан да татаал. Бирок акыркы бир-эки жумада аскердик абал кыйла тынчып калды. Бул албетте жакшы жөрөлгө.
Брыза бул жылышты каршы тараптардын тынчтык келишимге умтулганы менен түшүндүрдү.