Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

НЕПАЛДА МАОИСТТЕР ПАДЫШАНЫ ТАКТАН ТҮШҮРҮШӨТ


240 жылга чукул падышанын кол алдында жашаган Непалда --> http://www.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/bcc705bf-b299-47f7-be45-41d94090caa9.asp бүгүн социалисттик республика түзүлүүдө. Бул өзгөрүү падышага каршы 10 жылдан бери куралдуу күрөшүн 2006-жылы токтотуп, өткөн айда конституциялык шайлоодо ири жеңишке жетишкен маоисттердин каалоосу менен мүмкүн болууда. Маоисттер муну "дүйнөлүк коммунизмди" бекемдөөчү жеңиш деп баалашты. Ошол эле учурда алар республиканын көп партиялуу системасынын чегинде иштөөгө бекем турушат.

Дүйнөдөгү эң бийик асман тиреген тоолордун мекени болгон Непалда индустардын төрт колдуу Вишну кудайынын жердеги үлгүсү саналган падыша бүгүн тактыдан түшөт. Ошону менен бийлик бөлүшүүдө тажрыйбасы өтө чектелүү, бирок бийлик үчүн күрөштө өтө тажрыйбалуу өлкө республика болуп калмакчы.

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү коммунизмден алыстап жатканда, Непалда маоисттердин бийликке келиши бир чети таң калыштуу көрүнүш. Монархияга каршы маоисттер дээрлик 10 жыл күрөш жүргүзүштү. Бул күрөштө миңдеген адамдын өмүрү кыйылды. Алардын күрөшү сырткы дүйнөгө майнапсыздай көрүнчү, ошондуктан көп учурда Непал тууралуу унутуп да калышчу.

Бирок соңку окуялар өтө тез өзгөрүп, мына эми маоисттер өлкөнүн 238 жылдан берки падышалыгын жоюу максатына жетүүнүн алдында турушат. Непалды республика деп жарыялоо парламенттеги добуш берүүдө жактырылгандан кийин падышачылык жоюулат. Анан падышага Ак сарайды 15 күндүн ичинде бошотууга буйрук берилет.

Бүгүнкү окуялардын өзгөчөлүгү, бийлик, Маоисттер эбактан пландагандай, куралдын күчү менен эмес, тынчтык жол менен алмашууда.

Маоисттердин дүйнөнү таң калтырып, тынчтык жол менен бийликке жетишине шарттар 2001-жылы түзүлө баштаган. Ал жылы, ички жаңжалдын мезгилинде Непалдын мурдагы падышасы менен ханышасын бала-чака, туугандары менен кошо улуу баласы атып салган. Ачууга алдырганбы, же акылдан тайганбы, айтор ханзаада анан өзүн-өзү өлтүрүп тынган.

Андан кийин бийликке келген жаңы падыша Гианендра элдин көңүлүндөгүсүн таба алган жок. 2002-жылы шайланма өкмөттү таркатып, өз бийлигин күч алдырууга аракеттенди. Бир жылдан кийин чукул абал жарыялады. Ал эми 2005-жылы бардык бийликти өз колуна алып алды.

Анын аралыгында, маоисттер өтө ийкемдүү саясат жүргүзүп келишти. Алар 2006-жылы тынчтык келишимине кол коюп, саясий уюмдашууга басым жасай башташты. Өткөн аптада конституциялык жыйынга шайлоо болгондо, маоисттер эң жакын келген атаандашынан эки эсе көп мандат жеңип алышты.

Маоисттердин популярдуулугу эмнеден? Биринчиден алар эбактан эле Непалды жаңы жолго салуунун символуна айланышкан. Алар ошондой эле Кытайдагы же дагы башка жактардагы маоисттерден айырмаланып, көп партиялуу системаны кабыл алышты. Непалдык маоисттердин жол башчысы Пушпа Камал Дахал жакында "көп партиялуу система сөзсүз керек, ал социализмдин шартында да болушу керек" деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG