Иракта шийилердин радикал лидери Муктада ас-Садр АКШ армиясынын мөөнөтүн 2008-жылдан кийин узарттырбоо кампаниясына чакырды. Садрдын ырастоосунда Куралдуу күчтөрдүн статусу тууралуу келишим америкалык аскерлердин Улуттар уюмунун мандаты аяктагандан кийинки юридикалык макамын аныктайт. «Алардын өлкөдө кала бериши Ирактын улуттук кызыкчылыктарына каршы келет», - деп эсептейт Садр.