Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

ИСЛАМАБАДДА ЖАН КЕЧТИНИН ЖАРДЫРУУСУНАН БЕШӨӨ КАЗА ТАПТЫ


Каарманбек Кулуев, Бишкек Исламабаддан келген маалыматка караганда, бүгүн Дания элчилигинин алдында автоунаадагы жанкечтинин жардыруусунан эң кеминде 5 киши каза болуп, дагы бир тобу жаракат алды. Жардыруу болгон жердеги полиция кызматкерлеринен алынган такталбаган маалыматка ылайык, набыт болгондордун саны сегизге да жетиши мүмкүн.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жарылган автоунаада 30 килограммга жакын жарылуучу зат бар болчу. Жарылуу дүкөндөргө жык толгон көчөдөгү Дания элчилигинин имаратына чоң залака тийгизип, анын дарбазасын кыйратты.

Пакистандын премьер-министринин ички иштер боюнча кеңешчиси Рехман Малик тергөө иши тууралуу сүйлөп жатып, бул жардырууну ким уюштурганы азырынча аныктала электигин айтты.

- Ушул кезге такталган маалымат боюнча, жардыруудан 5 киши каза болду. Алардын бири чет өлкөлүк, бирок ким экени азырынча тактала элек. Калган төртөө - пакистандыктар, алардын экөө - полиция кызматкери. Бул окуянын чоо-жайын иликтөө боюнча атайын топ уюштурулду.

Маликтин айтымында, коопсуздук кызматы бул жардыруунун февраль айында Даниядагы гезитте чыккан карикатурага тиешеси бар деп божомолдоп жатат. Анда Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөр кайра жарыяланган болчу.

- Бул абдан капалуу окуя жана жалпы өлкөбүз үчүн чоң кайгы. Биздин тыңчылар жардыруу болушу мүмкүн экенин эскерткен. Дания элчилигине коркутуп-үркүткөн каттар буга чейин деле түшкөн. Биздин пикирибизде, бул жардыруу да ошонун эле уландысы.

Аталган карикатуралар Данияда алгачкы жолу 2005-жылы жарык көргөн. Анда Мухаммед пайгамбар башына кийген чалмада бомба тартылган болчу. Исламда адамдын элесин сүрөткө тартууга тыйуу салынган. Анын үстүнө, мындай сүрөттөр шылдыңдоо катары чыкканда мусулман дүйнөсүндө бир катар толкундоолор пайда болуп, 2006-жылы дүйнө жүзү боюнча даниялык дипломатиялык мекемелер мусулмандар тарабынан нааразычылык акцияларды башынан өткөргөн.

Бул сүрөттөрдүн кесепетинен Ооганстанда жайгашкан НАТО куралдуу күчтөрүнүн курамындагы 700 даниялык жоокерди өлкөдөн чыгаруу тууралуу маселе да көтөрүлгөн.

Коопсуздук меселеси боюнча серепчилердин айтымында, бул толкундоо өткөн айда Ооганстан бийлиги менен талибанчыл күчтөр кол койгон тынчтык келишимине да доо кетириши мүмкүн. Карикатуралардын кайра чыгышы Ооганстан же коңшу Пакистанда террористтик аракеттердин кайра жандануусуна алып келүүсү мурунтан эле эскертилген болчу.

Азыр Пакистан бийлиги чет элдик дипломаттардын коопсуздугун камсыздоо менен алек.

XS
SM
MD
LG