Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

НАТОнун Ооганстандагы аскерлерине жаңы командачы келди


НАТОнун Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрүн бүгүнтөн тарта америкалык генерал МакКирнен жетектейт. Ал отставкага кеткен америкалык генерал Дэн МакНейлдин ордуна келди. Буга арналган салтанатта сүйлөгөн учурунда, ооган президенти Хамид Карзай жаңы командачынын алдында оор милдеттер турганын, анткени талиб согушкерлери улам активдешип жатканын белгиледи. Бир жыл мурда эле НАТОнун Ооганстандагы аскерлеринин саны 36 миң болчу, азыр 51 миңге чыкты. Жыл башынан бери ооган армиясынын саны да эки эсеге көбөйүп, азыр 57 миңдин тегерегинде.

XS
SM
MD
LG