Бүгүн 5 –июнда Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин президент катары Европа өлкөлөрүнө болгон биринчи расмий иш сапары башталат. Европа өлкөлөрүн кыдыруу Германиядан башталат. Ал Берлинде канцлер Ангела Меркель жана президент Хорст Келлер менен жолугушаары күтүлүүдө. Медведев Орусиянын президенти катары биринчи расмий иш сапарын Казакстанга жана Кытайга өткөн айда жасаган.