Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

11:33 “Эне жана баланын саламаттыгы” аттуу медициналык симпозиум өтүп жатат


Бүгүн Бишкекте башталган симпозиум эки күнгө созулуп, анда кош бойлуу аялдардын жана ымыркайлардын саламаттыгы талкууга алынат. Гинеколог жана неонатологдор үчүн өтүп жаткан симпозиумдун ишине Кыргызстандын бардык аймагынан келген 75 дарыгер катышууда. Симпозиумдун жүрүшүндө Нью-Йорктогу балдар ооруканасынын неонатологу, Колумбия университетинин профессору Ричард Полин жана аталган университеттин алдындагы госпиталдын акушер-гинекологу Линн Симпсон доклад окушат. Медициналык симпозиум ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, Энелерди жана балдарды коргоо боюнча Улуттук борбордун колдоосунда өтүп жатат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG