Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕГАРАЧЫЛАР ТИРЕШИ ЭМНЕ МЕНЕН АЯКТАЙТ?


6-июнь күнү Өзбекстандын Коопсуздук кызматкерлери тарабынан кыргызстандык эки милиционердин камакка алынышы - 2-июндагы өзбекстандык чегарачыларга байланыштуу окуяга жооп иретинде болуп жатат. Мындай маанидеги билдирүүнү Кыргызстандын Ички иштер министрлиги таратты. Билдирүүдө айтылгандай өзбек тарап өзбекстандык чегарачылардын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/06/FF8E4667-6098-4F0D-9D98-85801BA77AD6.asp ишин оң чечип берүүнү талап кылышууда. 6-июнь күнкү окуяны талдоого алган айрым байкоочулар мындай өчөшүү жолу эки мамлекет үчүн тең жакшы натыйжа бербей тургандыгын эскертишүүдө.

Үч күн мурун Алабука районунун эки милиция кызматкери Кубанычбек Абдыкадыров менен Соипжон Мусаев атайын тапшырма менен Өзбекстандын Чартак району аркылуу Жалалабатка бараткан жерден аларды өзбек коопсуздук кызматкерлери кармап, райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишкен. Ал жерден милиция кызматкерлерине “мас абалында машина айдаган, жол эрежесин бузган” деген айып тагылып, камакка алынган.

ИИМ билдирүүсүндө айтылгандай кыргызстандык милиция кызматкерлеринин мас абалында болгону далилденген эмес, ал эми өзбек тарап коюп жаткан айыптоолор кыргыз жарандары үчүн көп колдонулуп жүргөн “дүжүр” айыптоо. ИИМ маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул маселени чечүү үчүн өзбек тарап 2-июндагы өзбек чегарачыларына байланыштуу окуяны оң чечип берүүнү талап кылууда:

-Телефондон сүйлөшүү учурунда ачык эле “козголгон кылмыш ишин токтоткула да, автоматтарды бергиле. Силер аны чечип берсеңер, биз муну чечип беребиз” деп айтышты.

-Кимдер айтып жатышат?

-Наманган облусунун жетекчилиги менен Касансай, Чартак райондук ИИБ башчылары так ушундай деп, жума күнү эле айтышкан. Ошол боюнча чечиле элек.

Маалымат катчысынын билдиргени боюнча бул ишке байланыштуу ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өзүнүн өзбек кесиптешине эки ирет расмий кайрылган, бирок ал тараптан жооп боло элек.

Буга чейин маалымдалгандай 2-июнь күнү Өзбекстандын эки чегарачы жоокери кыргыз чегарасын мыйзамсыз кесип өтүп, Жалалабат облусунун Достук айлынын тургунун күч менен алып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок жергиликтүү калктын кийлигишүүсүнөн кийин алар автоматтарын октору менен таштай качып кетишкен. Окуя болгон жерге барган кыргыз милициясы курал-жарактарды алып, өзбек чегарачыларынын чегараны мыйзамсыз кесип өткөндүгүнө байланыштуу ишти Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп беришкен. Коопсуздук кызматы бул ишке байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстандык эки милиционердин камакка алынышы - өзбекстандык чегарачыларга байланыштуу окуяга жооп иретинде болуп жатат, деген пикирди жергиликтүү байкоочулар да кубаттоого алышууда. Байкоочулардын айтуусунда өзбек тарап өзүнүн чегара аскерлеринин жосунсуз жоруктарын тыюунун ордуна алардын мыйзамсыз аракеттери үчүн чара көргөн кыргыз тарапка өчөгүшүү менен аракет кылганы эл аралык мамиленин бузулушуна алып келүүсү ыктымал.

Фергана өрөөнүндөгү чегара маселелери тууралуу долбоор боюнча иш алып барган эксперт Эркин Абдразаков минтип өчөшүүнүн аягы жакшылыкка алып келбейт, деп эсептейт:

-Укук коргоо органдарынын кызматкерлери – саясий кызматкерлер эмес. Бири-бирине өчөгүшүп, көзөмөл десе эле, баса калып, бири-бирин уурдап кете берсе, эки бир тууган элдин мамилесине доо кетип калышы мүмкүн. 1990-жылдагы кан төгүү да дал ушул “сен чоң, мен чоң” деп, ар кандай оюндарды уюштуруудан улам, дипломатияны иштете албагандыктан келип чыкканын унутпашыбыз керек.

ИИМ маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун айтуусунда, кыргызстандык милиция кызматкерлерине байланыштуу факт боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүү үчүн Жалалабат ИИБ жетекчисинин орунбасары менен Алабука РИИБ башчысынын орунбасары Өзбекстанга жиберилген. Бирок аларды Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын көрсөтмөсү менен өзбек чегарачылары Чартак районунун аймагына киргизбей коюшкан. Ушул тапта Өзбекстандын аймагына кыргызстандык күч кызматкерлери киргизилбей жатат.

Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу келишимине ылайык чектеш аймактарда иштеген милиция кызматкерлери чегарадан эркин өтүүгө укуктуу. Кыргыз ИИМ маалыматы боюнча ушул күндө да Өзбекстандын Наманган облусунун күч кызматкерлери Кыргызстанга кызматтык иштери менен ээн-эркин өтүп жүрүшөт.

Кыргыз милиция кызматкерлеринин өзбек коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынышы боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да иш алып барууда. Аталган министрликтин КМШ өлкөлөрү бөлүмүнөн маалымдашкандай бул маселени дипломатиялык жолдор менен чечүүгө аракеттер жасалып жатат. Ал эми Бишкекте жайгашкан өзбек элчилигинен бул окуяга байланыштуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Элчиликтин кабылдамасындагы өзүн тааныштыруудан баш тарткан айымдын айтуусунда эч кандай маалымат берилбейт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG