Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

10-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Тоголок Молдонун 80 жылдык юбилейин белгилөөгө арналган Тянь-Шань областтык эмгекчи депутаттар кеңешинин кезектеги жыйыны 1940-жылдын 10-июнь күнү өткөрүлгөн. Тарыхта “Отузчулардын арызы” деп белгилүү болгон Кыргызстандагы биринчи оппозициялык кайрылуу 1925-жылдын 10-июнь күнү кабыл алынган.

Тарыхта “Отузчулардын арызы” деп белгилүү болгон Кыргызстандагы биринчи оппозициялык кайрылуу 1925-жылдын 10-июнь күнү кабыл алынган. Кыргызстан Автономиялык областынын жетекчилиги жүргүзгөн саясатка нааразы болгон саясатчылар тобу бул күнү өлкөдөгү кырдаалга болгон тынчсыздануусун билдирип, РКП (б) Борбордук комитетине, РКП (б) Борбордук комитетинин Орто Азия Бюросунун Улуттук кеңешине жана Кыргыз областтык партиясына кайрылышкан. “Отузчулардын“оюна ылайык Обкомдо отурган бир ууч жетекчилик белгилүү бир топтун кызыкчылыгына жараша саясат жүргүзгөн. “Отузчулардын“ кайрылуусу кыязы татаал шартта кабыл алынгандай. Кайрылууга кол коюу 10-июнда башталып, 12-июнда соңуна чыккан.

Тянь-Шань областтык эмгекчи депутаттар кеңешинин кезектеги жыйыны 1940-жылдын 10-июнь күнү өткөрүлгөн. Областтык эмгекчи депутаттар кеңеш жыйынынын күн тартибине бир маселе коюлган. Ал да айтылуу агартуучу, жомокчу жана санжырачы Тоголок Молдонун 80 жылдык юбилейин белгилөөгө арналган майрамдык маселе болгон. Нарын шаарында өткөн майрамдык салтанатка Фрунзе шаарынан А. Токомбаев, В. Фере, А. Үсөнбаевдер, Москва шаарынан И. Соколов-Микитовдор катышкан. Областтык эмгекчи депутаттар кеңеш жыйынында юбиляр Байымбет Абдрахманов сөз сүйлөп, майрамга келген конокторго кезектеги ыр түрмөгүнө кирген чыгармалары менен тааныштырган.

Пишпек шаарынын мурдагы Церковная, азыркы Муратбек Рыскулов көчөсүндө орун алган кол өнөрчүлөр училищесинин имаратында 1919-жылдын 10-июнь күнү балдардын аянтчасы ачылды. Балдар аянтчасында жашы 4 менен 7 арасындагы бөбөктөр ар бири 25тен турган алты топко бөлүнүп, жашоо жана тазалык тартибин үйрөнүшкөн. Ар бир топ өзүнө бөлүнгөн жерди тазалап, бош убактысында китеп окуп, ыр жаттаган.

Фрунзелик маалымдоо каражаттары 1954-жылдын 10-июнь күнү СССР Министрлер кеңешинин элдик чарбаны өнүктүрүүгө багытталган 18 миллиард рублдик Мамлекеттик заём туурасындагы Токтомун жарыялашты. Жаңы заём менен бирге пропагандалык иштер жанданып, Бүткүл Союздук профсоюздардын Борбордук комитети эмгекчилерди айлык акынын жарымына заёмго ыктыярдуу жазылгыла деген чакырык таштады.

Мурдагы Ташкент менен Дзержинский, азыркы Жибек жолу менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган фрунзелик аңчылардын биримдиги 1932-жылдын 10-июнь күнү коён өндүрүшүнө байланыштуу көрсөтмө уюштурду. Көрсөтмө жалаң эле шаардыктар эмес, жакынкы айыл-кыштак калкынын кызыгуусун жараткан.

Чуулгандуу 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бийлик алмашып, өлкөдө саясий хаос башталган. Жер басып алуу, менчикти кайра бөлүштүрүүдөн чыккан коогалаңдуу көрүнүш айынан 2005-жылдын апрель айында белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов киши колдуу өлтүрүлүп, 10-июнда болсо Жогорку Кеңештин депутаты Ж. Сурабалдиев чак түштө белгисиз адамдар тарабынан атылып кеткен. Парламент депутатынын өмүрү Орус драма театры, «Илим» борбору жана «Жантөшов атындагы» китепкана орун алган маданий борбордо кыйылган. Киши колдуу өлтүрүүнүн шаардын так ортосунда жана чак түштө аткарылган убактысы коомчулуктун үрөйүн учурган.

Кыргыз өкмөтүнүн 1993-жылдын 10-июнундагы токтому менен Маң заттарды көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын иш принциби, структурасы жана кызматкерлердин милдеттери аныкталган.
XS
SM
MD
LG