Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

18:00 Нарында “Ваканциялар жарманкеси” өткөрүлдү


Жарманкеге Нарын шаарынан 115, Ысыккөл облусунан 10, Орусия Федерациясынан 211 талап кылынган ар кыл бош жумушчулук жана 50 кесиптик ваканциялар коюлду жана жарманкеге иш издеген 74 адам катышты. Жыйынтыгында 10 адам ишке орноштурулуп, 36 адамга ишке орноштурууга, 11 адамга кесип алууга жолдомо берилди. Мындай маалыматты жарманкени уюштуруп ишке ашырган Нарын шаарындагы “Занятость” коомдук уюмунун жетекчиси Бейшенбек Турсунбаев “Азаттыкка” билдирди. Жарманке Евразия корунун, Нарын облустук миграция жана жумуштуулук комитетинин колдоо алкагында жүзөгө ашырылган. Мындай жарманке Нарын облусунда мурда эч качан болгон эмес деп кошумчалады Бейшенбек Турсунбаев. (KUs)

XS
SM
MD
LG