Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

9:40 Парламент өз ишин Чыңгыз Айтматовду эскерүү менен баштады


Замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары бир минута аза күтүү зыйнатын жасашты. Андан соң жарым сааттык ар кандай маселелерди талкуулоо башталды. Анда өлкөнүн түштүк аймагындагы селден жабыр тарткандардын көйгөйлөрүнө, мугалимдердин маселелерине жана мектеп курулуштарына, эски автунааларды чектөөгө өкмөттүн тез арада чара көрүүсү айтылды. (AJ)

XS
SM
MD
LG