Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:11

18:05 Аксылык жарандын өлүмү боюнча иш козголду


Райондун ички иштер бөлүмү Өзбекстандын төрт жаранына адам өлтүрүү окуясы боюнча иш козгоду. Окуя 11-июнда Аксынын Кашкасуу айыл өкмөтүндөгү «Бешкөл» жайытында болгон Алагуу болуп, эс алып олтурган өзбекстандыктар менен айыл тургуну Максат Пазыловдун ортосунда белгисиз себептен улам жаңжал чыккан. Натыйжада бычак тийген 22 жашар Пазылов ошол жерде жан берген. Aл жерден качып бараткан коңшу өлкөлүк эки кыз менен эки бала 12-июнь түнкү саат үчтөрдө чегарачыларга туш келип.колго түшкөн. Аксыдагы «Адам жана укук» уюмунун мындай билдирүүсүн облмилициянын маалымат катчысы Ибрагим Шатманалиев ырастады. Анын айтымында бүгүн аларга айыптары угузулушу мүмкүн. (YA)

XS
SM
MD
LG