Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

МОСКВАДА КӨҢҮЛ АЙТКАНЫ КЕЛГЕНДЕРДИН АЯГЫ СУУЙ ЭЛЕК


Муса Мураталиев, Москва Кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинде уюштурулган көңүл айтуу дептерлерине кол тамгаларын калтыруу үчүн абдан көп кишилер келип жатышат. Ал туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров «Азаттыктын» Москвадагы кабарчысы Муса Мураталиев менен болгон маегинде айткан.

12-июнда, Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Раимкул Аттокуров кебин Маскөөдө Айтматовдун жаркын элесине баш ийип чыгуу кааданын канчага созуларын сурагандар көп болуп атышынан баштады:

Р.АТТОКУРОВ: - Телефон аркылуу убактыларын сурап аткандар абдан көп. Биз ага даярбыз. Экин күндөн бери ага даярдык көрүп жатканбыз.

«АЗАТЫК»: - Бүгүн,12-июн, Орусия мамлекетинин майрамы экенине карабай эл келип атышыптыр. Мен метродон бери басып келдим. Келип аткандар арбын экен. Бир суроо эске кылт этет Аскар Акаев келдиби?

Р.АТОКУРОВ: - Аскар Акаевич ушул убакка чейин келе элек. Байланыш да жок, бирок көрө жатарбыз... кошумчалай турган маалымат Орусия боюнча Санкт-Петербургда, Екатеринбургда, Казанда бөлмөлөр ачылган. Ал шаарларда да элдер келип көңүлүн китпчеге жазып кетип атышат.

Жума күнү, 13-июнда элчи мырза аза күтүү дептерлерине кол коюу дагы эле уланып атканын айтты.

«АЗАТТЫК»: - Кечээки көңүл айтуу дептерлерине кол коюу үчүн келгендер аягы дагы эле басыла элек экен. Ушул боюнча малымат берсеңиз жакшы болор эле.

Р.АТТОКУРОВ: - Бүгүн да кечээкидей эле эртең мененки саат 9-дардан тартып элчиликтин үч бөлмөсүндө Орусиядагы элчиликтерден, бир нече мамлекеттердин элчилери келип аза күтүү китептерине кол коюшту. Баары көңүл айтып жатышат. Кандай жардам керек? Биз тараптан аларга кандай кайрылуубуз бар? – деп сурашат. Москва шаарынан тышкары дагы төрт шаарда аза күтүү китептери ачылган. Ал шаарлардан да маалымат алып турабыз. Ал жерде да элдер абдан көп келип атышат. Атактуу кишилер менен барабар жөнөкөй эле Чынгыз Төрөкуловичтин китебин окуган кишилер клишүүдө. Адабият, маданият, кинематография өкүлдөрү, театрладык өкүлдөр келип аза күтүү китептерге колдорун коюп кетип атышат.

«АЗАТТЫК»: - Элчи мырза, атуу-баштуу кишилер аттарын атай кетсеңиздер. Элчилер келди дедиңиз, кайсы мамлекет элчилери келип кетишти?

Р.АТТОКУРОВ: - Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров келди. Өзүбекстандын элчиси, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Вьетнам, Болгария, Чек Жумурияты, Словакия, Германия элчилери келишти. Дагы бир топ элчиликтердин кызматкерлери келип аза күтүү китептерине кол коюп кетишти. Ошону менен бирге көп мекемелердин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлар жетекчилери келип атышат.

«АЗАТТЫК»: - Кыргыздар да келип атышканын көрдүм. Эмгек мигрантары, бул жерде жашап аткан кыргыздар...

Р.АТОКУРОВ: - Ооба, Москвада жашап аткан биздин атулдарыбыз көп. Жакында келгендер биринчилерден болуп көз көргөзүп кетишти. Бул жерде алты кыргыз уюмдары бар алардын өкүлдөрү да келишип, көңүл айтып, жардамын сунуш этип атышат. Бүгүн да келип кетишти. Курулушта иштегендер, соода түйүндөрүндө иштегендер бүгүн демалыш күн ошон үчүн алар келип атышат. Эл абдан көп келүдө...

«АЗАТТЫК» - Элчи, мырза, маегиңизге ырахмат. «Азаттыктын» калемгерлери жалпы эле ишкерлери Сизге, Сиздин артыңызда жамы кыргыз элине көңүл айтат. Арты кайрымдуу болсун!

Кыргыздын эли жумуш издеп алыска,ал тургай, орустар жердин түбү дешкен, Сахалинге чейин басып кетишкен кимге болбосун маалым. Алыста боордоштор улуттун башына келген чоң кайгыдан кабары барбы жокпу деген ниет менен кыргыздар турат экен деген бир телефонду шыңгыратып көрдүк. Бизге азыр Сахалин калаада соода тармагында иштеп жүргөн Аида Өмүралиева жооп кайтарды:

«АЗАТТЫК»: - Аты-жөрүңүз ким болот?

А.ӨМҮРАЛИЕВА: - Менин атым - Аида.

«АЗАТТЫК»: - Жакшы болду. Сахалинге телефон чалыш кыйын эмеспи. Сиздерде убакыт канча болду?

А.ӨМҮРАЛИЕВА: - Бизде, Сахалинде, түнкү саат 12ге он мүнөт калды.

«АЗАТТЫК»: - Сиздер Чынгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгын уккансыздарбы?

А.ӨМҮРАЛИЕВА: - Ооба, Чынгыз Айтматовдун кайтыш болгонун уктук. Сыналгыдан көрдүк, жаңылыктардан көрүп ататбыз.

«АЗАТТЫК»: - Ал жердеги кыргыздар кандай кабылдашты? Эмне деген кеби болуп атат?

А.ӨМҮРАЛИЕВА: - Кыргыздардын баары эле кайгырып атышат. Бирок биз алыста-алыста, аралдабыз да... Бул жердеги кыргыздар колунан эмне келет?

«АЗАТТЫК»: - Сахалиндеги кыргыздардын атынан, эртең Чынгыздын сөөгүн жерге берүү болуп атат, Сиз эмне дээр элеңиз?

А.ӨМҮРАЛИЕВА: - Биз кандай кеп айтмак элек? Чынгыз Айтматов кыргызды дүйнөгө тааныткан. Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун, жамынган топурагы торко болсун! Кайгырып жатабыз, бирок эмне кылмакчыбыз?
XS
SM
MD
LG