Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

17:20 Бишкек-Нарын-Торугарт жолу өткөн айылдарда социологиялык сурамжылоо жүргүзүлө баштады


Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолун түп-тамырынан кайра куруп чыгуу үчүн “Азия өнүктүрүү” банкы колдоо көрсөтөт. Бул багытта социалдык-экономикалык, социалдык-экологиялык негиздемелер жүргүзүлө баштады. Мындай маалыматты “Азия өнүктүрүү” банкынын Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жол долбоорунун адиси Рая Осмоналиева бүгүн Нарын шаарында болуп өткөн жыйында билдирип, Нарын районундагы Оттук, Атбашы районундагы Карасуу айылдарында алгачкы баскычтагы социологиялык иликтөө башталгандыгын кошумчалады. Жыйында Нарын шаарынын Атбашы, Нарын райондорунун жергиликтүү адистери тарабынан сунуштар берилди. (KUs)

XS
SM
MD
LG