Бул тууралуу биримдиктин тышкы иштер министрлери Ирландияда өткөн референдумда Лисабон келишими четке кагылгандан кийин билдирди. Дүйшөмбү күнү Люксембургда болгон жыйында министрлер ынтымакка чакырышып, Ирландиянын чечимин терең талдоо зарылдыгын белгилешти. Лисабон келишими Европа Биримдигин реформалоого арналган. Аны биримдикке кирген 27 өлкөнүн 18 буга чейин ратификациялаган эле. Бирок келишим күчкө кириш үчүн бардык өлкөлөр аны жактырыш керек.