Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:33

10:10 А.Бекназаров: “Шаар прокуратурасы “Де-факто” гезитине кылмыш ишин ачып, бийликтин камчысын чаап жатат”


Мындай пикирин экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” бүгүн билдирип, шаар прокуратурасы кылмыш ишин ачуудан мурун соттун чечиминен аша чаап, гезит редакциясынын маалымат топтолгон жабдууларын алып кеткен шаардык ички иштер башкармасынын аракетин тескөөгө тийиш деп белгиледи. Анын айтымында, шаар прокуратурасы гезитке каршы кылмыш ишин козгоо менен өз аброюн басаңдатып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдан ашкан аракеттерин ачык жазган маалымат каражатынын оозун жабуу көрсөтмөсүн гана аткарып жатат. Ал эми Бишкектин прокурору Айбек Турганбаев кечээ маалымат жыйынын өткөрүп, “Де-факто” гезитине каршы кылмыш иши адамдын беделине шек келтирип, мыйзамды бузууга баргандыгы үчүн ачылды деп билдирген болчу.(BD)

XS
SM
MD
LG