Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Россия президенти тынчтык кармоочу күчтөргө каршы чагымдарды токтотууга Грузияны чакырды


Президент Дмитрий Медведев Грузин мамлекет башчысы Михаил Саакашвили менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө эл аралык милдеттерге ылайык кызмат кылып жаткан тынчтык кармоочу күчтөргө каршы чагымдар жол бергис экенин эскертти. Шейшемби күнү грузин полициясы Зугдиди районунда 4 орус аскерин курал-жарагы менен кармаган. Бул окуяны териштирерин Михаил Саакашвили өз кезегинде билдирген. Акыркы кабарлар боюнча, төрт аскер бошотулуп, бирок алар ташып бараткан курал-жарактар кайтарылган эмес.

XS
SM
MD
LG