Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

10:05 Координациялык кеңеш мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргойт


Бул тууралуу майып балдардын ата-энелери Ассоциациясынын программасынын координатору Сейнеп Дыйканбаева билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу жөнүндө эларалык конвенцияларды илгерилетүү жана ишке ашыруу үчүн Координациялык кеңеш түзүлдү. Аталган кеңеш майыптардын укугу жөнүндө эл аралык конвенцияны ратификациялоону тездетүүнү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата коомчулуктун көз карашын, мамилесин өзгөртүүнү көздөйт. Бишкекте 17-18-июнда 2006-жылы 13-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу жөнүндө эл аралык конвенцияны ратификациялоонун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган конфренция болуп өттү. Маалыматка караганда аиалган конвенцияга 129 мамлекет кол коюшкан. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу жөнүндө эл аралык конвенцияны 27 мамлекет ратификациялаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG