Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

14:30 Бишкектин райондор ортолук соту “Кумтөр” кенине байланыштуу ишти 2-июлга жылдырды


“Кумтөр” алтын кенине байланыштуу канаданын “Центерра Голд-инк” компаниясына кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдагы токтомун жокко чыгаруу боюнча вице-спикер Кубанычбек Исабековдун доо арызын Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту 2-июлда карай турган болду. “Кумтөр” алтын кен долбоорун өзгөртүү боюнча 2003-жыл 31-декабрдагы кыргыз өкмөтүнүн токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин төрага орун басары К.Исабеков Бишкектин райондор ортолук экономикалык сотуна февраль айында эле кайрылган. Ал эми 17-июнда Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту “Кумтөр” алтын кенине кийинки жылдары берилген лицензияларды жараксыз деп тапкан. Өкмөт токтомун соттук териштирүү 20-июнга белгиленген эле. Бирок доогер К.Исабеков сотко келбей калгандыгына байланыштуу бул ишти кароо 2-июлга жылдырылды. (AJ)

XS
SM
MD
LG