Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


“Даткайым” скрипачтар ансамблинин түзүлгөнүнө 10 жыл толду. Мааракеге арналган концерт 20-июнда улуттук филармониянын кичи залында өттү. Кечеде музыканттар Бах, Вивальди, Пьяцоллы жана Монтинин чыгармаларынан тартуулашты.

16-июндан 20-июнга чейин Америкадан келген Алвин Аткинсондун джаз квартетинин гастролу өттү. Четтен келген коноктордун гастролу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өттү. Аталган элчиликтин маданий жана билим берүү программалары боюнча кеңешчиси Майкл Розенталдын билдиргенине караганда Алвин Аткинсондун джаз квартети Америкада аябай популярдуу, музыка чөйрөсүндө өз ордун тапкан топ.

Бүгүн Улуттук китепкананын “Оту өчпөгөн талант” ордосу акын Турар Кожомбердиевдин туулуп өскөн айылында эскерүү иш-чарасын уюштурат. Бул тууралуу аталган китепкананын маалымат бөлүмүнүн башчысы Ажар Касымбекова билдирди.

Швециядагы белгилүү музыканттардын бири Эсбрн Свенссон жарык дүйнө менен кош айтышты. Маркум музыкадан тышкары дагы спорт менен машыккан. Свенссонго дүйнөлүк атак-даңкты ал өзү түзгөн трио алып келген. Топтун “Баары кеткенде” аттуу алгачкы альбому 1993-жылы чыгып, андан соң катар-катары менен 9 ыр жыйнакты чыгарышкан.

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Станислав де Лабулле адабиятка жанакөркөм өнөргө сиңирген эмгеги үчүн айрым орус маданий ишмерлерине сыйлыктарды тапшырды. Алардын катарында маданий ишмерлер Наталья Золотова, Владимир Дмитриевдер бар.

Голливуд жылдызы, “Жаан алдында ырдагандар” тасмасынын башкы каарманды ойногон Сид Чаарис Лос Анджелесте 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маалыматтарга караганда мыкты бийчи катары таанылган Сид Чаарис жүрөк оорусунан каза тапкан. Ал 20-кылымдагы белгилүү киножылдызы деп эсептелген. Ал 50 дөн ашык тасмада образ жараткан.

Шотландиянын борборунда ачылган “Единбург” кинофестивалын программасына быйыл 140 тан ашуун тасма кирген. Анын 15и дүйнөлүк премьералар. 62-ирет өтүп жаткан кинофестиваль 29-июнга чейин созулат. Бул убакыт аралыгында кинокүйөрмандары 29 өлкөнүн тасмасына күбө болушат.

БУУнун генералдык секретары Пан Ги Мун Лондондо каза болгон журналисттерге тургузулган эстеликти салтанаттуу ачты. Бул эстеликтин автору испан сүрөтчүсү Жауме Пленза. Ал эми айкел Лондондогу Би-Би-синин негизги имараттарына орнотулду.
XS
SM
MD
LG