Бүгүн Беларуска келген Медведев Брест шаарындагы эстелик комплдексти кесиптеши Александр Лукашенка менен чогуу кезди. Мында алар согуш ветерандары менен да жолугуп, Улуу Атамекендик согуштун башталган күнү курман болгондорду эскеришти. Беларус сапары маалында Медведев Лукашенка менен эки тараптуу экономикалык алакалар, тышкы саясат: коргонуу, бажы жана башка маселелер тууралуу талкуу кылаары алдын-ала белгиленген.