Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

16:00 ЖК комитети кылмыш жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоду


Парламенттин коргоо, коопсуздук жана сот-укуктук реформа комитети колдоого алган мыйзам долбоорунда тергөөчүлөр тергөө учурундагы камакка алуудан башка бардык аракеттерин прокурор менен макулдашып жасашат, деп айтылган. Отурумга катышкан Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин айтуусунда Кыргызстан прокурорлордон көзөмөл кызматы алынып коюлган жалгыз өлкө. Комитеттин төрайымы Лейла Сыдыкова прокурорду кылмыш ишин тергөөгө байланыштыруу кыйноолордун да алдын алат, деп эсептейт.
ЖК мурдагы депутаты, азыркы иштеп жаткан мыйзамдын автору Азимбек Бекназаров болсо мындай өзгөртүү киргизилген мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстан адам укугу жаатында артка кетет, деген пикирде. “Тергөөчүнүн көз карандысыздыгы, тергөөнүн жашыруундугу деген бар, алар кайда калат. Кылмыш ишин тергөөгө прокурорду кийлигиштирүү эл аралык деңгээлге туура келбейт,” деп белгилеген юрист Кыргызстан адам укуктары боюнча бир катар эл аралык Конвенсияларга кол койгондугун, кылмыш жаза кодекси да ошого ылайыктуу болушу керек, деп эсептейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG