Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Ооган бийликтери кармалган согушкерлерди коомчулукка көргөздү


Пакистан тараптан өтүп келди делген согушкерлердин экөөсү бүгүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө көргөзүлдү. Түштүктөгү Кандагар облусунун губернаторунун айтымында, эл алдында кишенчен чыгарылган эки адам Талибандын жанкечтилеринен болмок. Бирок алардын бири мындай ырастоону четке кагып, Ооганстанга АКШ жана НАТО күчтөрүнө каршы күрөшүү үчүн келгенин билдирди. Бул тууралуу "Франс-пресс" агенттиги кабарлады. Мындан бир апта мурда ооган президенти, согушкерлерге сокку уруу үчүн Пакистан аймагына аскер жиберүүгө даяр экенин айтып, опурулган эле. Бул аралыкта АКШ баштаган коалициянын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар ооган –пакистан чек арасынын жанынан 55 согушкерди жок кылган. Аскерий учактар да тартылган уруш 20-июнь күнү Пакистан менен чектеш Пактика провинциясында орун алган.

XS
SM
MD
LG