Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

17:55 Жалалабатта чегара боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын иши башталды


Мамлекеттер аралык чегараларды делимитация жана деморкация кылуу комиссияларынын жолугушуусун губернатордун биринчи орунбасары Жаныш Курбанов ачты. Ал комиссияларды башка маселелерди аралаштырбай, чегараны так жана калыс аныктоого чакырды. Андан кийин эки өлкөнүн топографиялык жерге жайгаштыруу топтору карталардын негизинде иштөөгө киришти. Бүгүнкү олтурумдун аягында эртең каралуучу маселелер аныкталат. Жолугушуу өкмөттүн токтому менен 27-июнга дейре болот. Жаныш Курбанов Аксы, Алабука жана Ноокен райондорундагы талаш туудурган жайлардын маселесин ортого салаарын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG