Убактылуу камалган жана жоопко тартылган жарандардын шарты бүгүнкү парламенттик угуунун күн тартибине коюлууда. Анда негизги маселе катары коомдук көзөмөлдү күчөтүү багытында мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү каралат. Парламенттик угууну Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук комитети, БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссарлыгы жана “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борбору уюштурууда. Болжолдуу маалыматтар боюнча Кыргызстанда сот жообуна тартылгандардын саны 10 миңден ашат. (BuS)