Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

“ДЕ-ФАКТОНУН” КОМПЬЮТЕРЛЕРИ КАЙТАРЫЛЫП БЕРИЛҮҮСҮ МҮМКҮН


“Де-факто” гезитинин банк эсептери, мүлкү да камакка алынды. Кечээ Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери гезиттин редакциясын экинчи ирет тинтип, гезиттин түп нускадагы документтерин алып кетүүгө аракет жасап, бирок ал ишке ашкан эмес. Буга чейин 14-июнь күнү тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү гезиттин редакциясына тинтүү жасап, редакцияга таандык компьютерлерди алып кетишкен. Буга байланыштуу басылманын акыркы үч саны жарык көрбөй калган, гезит ээлери “Де-фактону” эртең, бейшемби күнү жарыкка чыгарууну көздөшүүдө. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы гезитке таандык компьютерлер жакын арада кайтарылышы ыктымалдыгын маалымдады.

“Де-факто” гезитинин редакциясына тинтүүгө уруксат берген Свердлов райондук сотунун 14-июндагы чечиминде гезиттин мүлкүн жана банк эсебин да камакка алуу караштырылган. Бирок ал тууралуу убагында эч кандай маалымат берилген эмес, дейт гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова:

- Биз бул тууралуу билген эмеспиз. Мыйзам боюнча булар бизге кабарлашы керек эле. Дароо сот чечиминин көчүрмөсүн жиберип, бизге дайын кылууга тийиш эле. Бирок мынчалык эмне жашыруун кармашты, билбейм.

Бишкек шаардык прокуратурасы аталган басылма адам беделин басмырлап, мыйзам бузууга барган деп кылмыш ишин козгоп, тергөө ишин Бишкек шаардык ИИБна өткөрүп берген. Аталган ШИИБ кызматкерлери 14-июнь күнү гезиттин редакциясына барып, тинтүү жүргүзүп, редакцияга таандык беш компьютерди алып кетишкен. ШИИБ маалымат кызматынын ага инспектору Жанна Джусанбаева тартип коргоо кызматкерлеринин бардык иш-аракеттери Свердлов райондук сотунун чечиминин негизинде гана болгон деген сөзүн “Азаттыкка” айтты:

- Бардыгы Свердлов райондук сотунун чечиминин негизинде болгон. Беш процессор алынган, ушул тапта алардын баары иликтөөдөн өткөрүлдү. Процессорлордон тергөөнүн кызыкчылыгына жооп бере турган материалдар табылган жок. Учурда аларды ээсине кайтарып берүү тууралуу маселе каралып жатат. Ал эми гезиттин өндүрүшүнө тыюу салуу тууралуу эч кандай факт болгон эмес.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин доо арызынын негизинде «Де-Факто» гезитин айыптуу деп таап, миллион сом айыппул төлөөгө милдеттендиргени белгилүү. Сот чечимине улай эле Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде эки жумадан бери гезит жарык көрбөй калган. Басылманын жарыкка чыгуу тартиби боюнча “Де-факто” жуманын шейшемби жана бейшемби күндөрү жарыкка чыгат. Гезит ээлери басылманын эртеңки санын жарыкка чыгарууну көздөшүүдө. “Де-фактонун” редактору Чолпон Орозобекова гезит ишинин үзгүлтүккө учурап, окурмандарга жетпей калуусуна тартип коргоо органдарынын күнөөсү бар деп эсептейт:

- Эртеңки сан чыгат. Биз аны чыгарууга бардык күчүбүздү жана мүмкүнчүлүгүбүздү жумшоо менен аракет кылып жатабыз.

Чолпон Орозобекова ошол эле учурда бийлик басылманын эртең жарык көрүүчү санын угармандарга жеткирбөөгө аракет кылуусу мүмкүн деген чочулоосун билдирди. Ал эми медиа өкүлчүлүгү институтунун жетекчиси Илим Карыпбеков бийлик мынчалыкка барбайт, деген ишеничте:

- Бул – түзмө-түз ошол гезитке каршы жасалган иш-аракет болуп эсептелинет. Анда бул гезитти чыгарбоого, анын үнүн басуу үчүн жасалган аракеттер болуп калат. Бул –албетте мыйзамсыз. Мен үмүттөнөм: биздин бийлик анчалык мыйзам бузууга, мыйзамды одоно бузууга барбайт.

Айрым байкоочулар эгер бийлик басылманын эртеңки чыгарылышын сатыкка чыгарууга тыюу салып, камакка ала турган болсо, анда Биринчи Май райондук сотунун 1 млн сомдук айыппул төлөө тууралуу чечими, Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши, анын негизинде гезиттин компьютерлерин жана башка мүлктөрүн камакка алган милиция кызматкерлеринин аракети – бийликтин басылманы чыгарбай коюуга болгон аракети болот, деген пикирлерин айтышууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG