Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

26-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1894-жылдын 26-июнунда Ысыккөлдө белгилүү саякатчы Н. М. Пржевальскийге эстелик ачылды. 1912-жылы пишпектик ишкер Бабахан Нурмухаметбаев Пишпек-Токмок жана Верный багытында туруктуу жүрө турган автомобиль каттамын уюштура тургандыгын билдирген.

Караколдогу белгилүү саякатчы Н. М. Пржевальскийге орнотулган эстелик 1894-жылдын 26-июнунда шаардык бийлик тарабынан салтанат менен ачылды. Эстелик саякатчынын ишмердигин көрсөтчү шекилде тургузулуп, ал ошол кездеги, ал түгүл азыркы шаар архитектурасынын көркүн ачкан искусство үлгүсүнө айланган.

Пишпектик ишкер Бабахан Нурмухаметбаев 1912-жылы Пишпек-Токмок жана Верный багытында туруктуу жүрө турган автомобиль каттамын уюштура тургандыгын билдирген. Ал үчүн ишкер Перлея системасындагы автомобиль сатып алып, ушул эле жылдын 25-26-июнунда Верный багытында биринчи сыноо каттамын жөнөткөн. Бирок изги ниет жалгыз машина, жаман жол сыяктуу объективдүү себептерге байланыштуу андан ары уланган эмес.

Жетисуу областындагы Пишпек уезддик начальниги 1912-жылдын бу күнү Кемел Шабдановго атасына арнап аш өткөрүүгө жана анда сайылчу байгеге уруксат берген. Уезддик начальниктин К. Шабдановго жазган билдирүүсүндө, анын байге уюштуруу өтүнүчү канааттандылгандыгы кабарланат.

Пржевальск уезддик советтин съезди 1918-жылдын 26-июнунда өткөрүлүп, анда уезддик аткаруу комитети уюшулду.

Фрунзе шаардык кеңеши 1926-жылдын 26-июнунда «Түнкү күзөт» туурасындагы Токтом кабыл алды. Мындан ары шаардагы тартип сакчылыгына жана мамлекеттик мүлктү коргош үчүн милиция кызматынан тышкаары 18ден 45 жашка чейинки ден-соолугу чың адамдар сакчылык кызматка тартылышкан.

ВКП (б) XVI съезди 1930-жылдын 26-июнь күнү ишин баштады. Съездде «кулактар али тап катары жоюла электиги» айтылып, аларга каршы чечкиндү күрөш жүргүзүү керектиги белгиленген. Мындай чара айынан дыйкандар малдарын сатып, калган-катканын союп совет бийлигине каршы тымызын күрөш башташкан. Мындай кыймыл Кыргызстан аймагына да тарап, миңдеген адамдар кулакка тартылып, алардын айрымдары совет бийлигине каршы күрөшүп, жазалангандар жана жапа чеккендердин саны арбыган.

Бу күнү дүйнөлүк коомчулук наркотиктерге каршы күрөшүү жана кыйноого кабылган адамдарды колдоо датасы катары белгиленсе, мындан 500 жыл чамалуу илгери Кытайда биринчи тиш тазалагыч щеткалар пайда болгон.
XS
SM
MD
LG