Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

ТАЛАСТА ЭГИЗДЕР МАЙЫП ТӨРӨЛҮШТҮ, ДОГДУРЛАР КҮНӨӨЛҮҮБҮ?


Таласта эки эгиз бала майып болуп төрөлүп, ал балдардын ата-энеси ушул тапка чейин балдарынын майып болуп калганынын себебин дарыгерлердин шалаакылыгынан деп арыз менен бийлик өкүлдөрүнө кайрылышып, чындыкты издеп келишүүдө. Ал эми учурунда төрөттү кабыл алган дарыгер “Азаттыкка” маалымат берүүдөн баш тартты.

Эки жыл мурун 2006-жылы 17-июнда Манас районуна караштуу Жийде айылынан 1976-жылы туулган Наргиза Жээналиева Талас шаарынын күн батыш жагындагы төрөт үйүнө келип, алдын ала текшерилүү максатта ооруканага жатат. Наргиза Жээналиева “Азаттыкка” ошол учурда даарыгерлер анын уруксаты жок эле эрте төрөттүрө турган даарыны ага куйуп, эки эгиз баланы 9 айга жеткизбей 8 ай кезинде күч менен төрөттүрүп салышкан дейт. Ошонун айынан балдарым майып болуп, азыркы учурда буттары баспай, көздөрү жакшы көрбөйт деп, ый менен окуяны төмөнкүчө айтып берди:

- Мага ийне салышты! Ийне сайганга мен макул болгон жокмун. А мага болбой капельница салып, ошодон реакция жүрүп, айла жок төрөтүшкө туура келди. Анан төрөтүп салышты. Али булардын төрөлөрүнө бир ай убакыт бар болчу. Ошол жылдан бери мына эки баланын азабын тартып келе жатам. Эки балам үчүн ошолор жооп бере алабы? Айнура Макешева деген жооп берсин.

Бул жагдай боюнча эки жылдан бери чындыкты издеп, кайрылбаган жери калбаган, акыры эгиз балдардын таятасы Надырбек Жээналиев учурунда даарыгерлер кайра-кайра дары дармекке деп акча сурашкандарын жашырбай айтып, бул бийлик башчылардын төрөт үчүн акча алынбайт деген сөздөрү кагаз жүзүндө эле калып, иш жүзүндө баары башка деп, саламаыкты сактоо кызматында коррупция бүгүнкү күнгө чейин күч алууда дейт:

- Мына аялым ооруканга түшкөндөн баштап күнүнө эртең менен барам, 300-350 сом акча алат. Айланайын эмне кылдыңар? Эгиз балага салдык. 18 күн жатты, күнүнө 300-350 сомдон берем, эсептей бериңиз. Өзү реаниматцияда 15 күн жаты, аны эсептей бериңиз. Ал жакта күнүнө 500-600 сом. Эгер ошолордун баарын таразага салса балдардын өзүнүн салмагынан да ашып кетпейби. Эмне деген билбейм ай? Бул өкмөт жанагы медициналык сактыкты эмнеге киргизген? Анан жана сооплатасын алат, аны эмне киргизген?

Балдардын ата-энелери күнөөлөп жаткан даарыгер Айнура Макешова менен сүйлөшүү максатта жогоруда аталган төрөт үйүнө бардык. Айнура Макешова тилекке каршы ооруканадан бошонуп чыгып кетиптир. Ошол жерден бул окуяга катышкан, Наргизаны төрөттөн кийин операция жасаган дарыгер Бурмакан Арзыкуловага жолуктук. Анын айтымында ошол учурда балдарды эмес, балдардын энесинин абалы оор болуп, алардын алдында бир эле милдет аны аман алып калуу маселеси турган деп болгон окуяны төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Эгер ошол кезде операция кылбай турган болсок, жатынын албай турган болсок, аял майып болуп, керек болсо өлүп калуу коркунучу бар эле. Аман алып калыш үчүн ошол гана жол болуп калды. Ошон үчүн жатынын алууга туура келди. Себеби жатын кан агуунун бир булагы.

Аталган окуяны 2006-жылдан бери республикалык деңгээлде атайын комиссияда карап да келген. Кыргыз улуттук медициналык академиясынын профессору Шаршенова баш болгон 7 кишиден турган бул комиссия 14-январь 2008-жылы Республикалык медициналык экспертиза бюросунун №214 документине кол коюшуп, жыйынтыкталган комиссиянын чечимин чыгарышат. Ал чечимдин токэтер жери даарыгер Айнура Макешованын күнөөсүнөн улам төрөлгөн балдарга жана анын энесинин ден-соолуктарына зыян келтирилген деп жазылат.

Төрөттү кабыл алган дарыгер Айнура Макешованы издеп, сураштырып отуруп, Талас шаарынын ичиндеги бир менчик дарыгерлер борборунда иштеп жаткан жеринен таптык. Ал «Азаттыкка» бул тууралу маалымат берүүдөн баш тартып, комиссиянын жогоруда чыгарган чечимине каршымын дейт:

- Мен айта албайм азыр эч нерсе.

Талас облусу боюнча төрөттөн былтыркы жылы 3 аял кайтыш болсо, быйыл 6 айдын ичинде эле 3 аял төрөттөн кайтыш болгон. Ал эми төрөттөн кайтыш болгон балдардын саны ушул жылдын башынан бери 184 болуп саналат.

XS
SM
MD
LG