1905-жылдын бул күнү Жети суу областындагы Пишпек уездинин аскер старшинасы Шабдан Жантаев кыргыз элинин суроо-талабы боюнча даярдалган петиция туурасында Пишпек уездинин начальнигине кат менен кайрылган. 1928-жылы өткөрүлгөн стастистикага ылайык, борбор шаардагы жападан-жалгыз китепканага жазылгандардын саны 1400 адамга жетти. Тарых барактарына сереп салып, ободо Муратбек Кожобеков.
Content:
1905-жылдын бул күнү Жети суу областындагы Пишпек уездинин аскер старшинасы Шабдан Жантаев кыргыз элинин суроо-талабы боюнча даярдалган петиция туурасында Пишпек уездинин начальнигине кат менен кайрылган. Шабдан баатыр петиция кыргыз калкынын өтүнүчүнө ылайык даярдалгандыгын жана ал өлкө биримдигине доо кетире турган саясий талаптардан алыс экендигин, тескерисинче анын аткарылышы эки тарап ортосундагы түшүнүүнү жаратып, ынтымак-ырашкерчиликтин орношуна салым кошо тургандыгын билдирген.
1928-жылы өткөрүлгөн стастистикага ылайык, борбор шаардагы жападан-жалгыз китепканага жазылгандардын саны 1400 адамга жетти. Бул көрсөткүч жашы 12ден жогору болгон шаардык адамдардын 2,5 % түзгөн.
Шаардык китепканадагы 5 миң китеп арасынан адабий чыгармалар айрыкча суроо-талапка алынып, окурмандардын купулуна толгон авторлор деп-Жек Лондон, Лев Толстой жана Максим Горькийдин чыгармалары саналгандыгы белгилүү болду.
1933-жылы мурдагы Береговой, азыркы Шопоков көчөсүндөгү усталар көөрүканаларында Фрунзе ипподрому үчүн үлгүлүү устакана ачылды. Устаканада ипподром күлүктөрү менен шаардык коммуналдык кызматтагы жылкылар бекер такаланган.
1955-жылы республиканын сүт өндүрүү тармагы боюнча биринчи орунду КирНИИЖдин эксперименталдык фермасы ээледи. Алдыңкы ферманы буга чейин беймаалым зоотехник Чыңгыз Айматов жетектегени маалым болду.
1963-жылы Фрунзе шаарында Комволдук-кездеме комбинатынын биринчи өндүрүш ишканасы ишке киришти. Комбинатта башында жүздөгөн кыргызстандыктар иштешип, алар үчүн айлык маянадан тышкары, социалдык жеңилдиктер каралган.
Бул күнү, 1908-жылы айтылуу Тунгус метеорити түшүп, 1964-жылы жакын аралыктан Айдын сүрөтү тартылып алынган.