Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:24

11:42 Стамбулда “Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү күндөрү өтүүдө”


Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу, этникалык кыргыз, казак жана уйгур фондулары тарабынан уюштурулган улуу жазуучуну эскерүү күндөрү бүгүн аяктайт. Ал 26-июнда башталып, иш чарага Стамбул шаарынын бийлиги, түрк жазуучу, илимпоздору катышты. Түрк жазуучусу Сервет Кабаклы Чыңгыз Айтматовдун Түркияга акыркы сапарын, анын учурунда Элазыг тарыхый шаарына барышын, түрк тили жана адабиятын өнүктүргөндүгү үчүн сыйлыктын берилишин, Чыңгыз Айтматов атындагы шаардык парктын ачылышына катышканын кайгыруу менен эскерди. Кабаклы ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун романдары жалпы түрк дүйнөсүнүн мурасы экенин жана анын элеси жалпы түрк дүйнөсүндө түбөлүк калаарын белгилеген. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен бүгүн кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG