Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

18:25 Жумгал районунда киши өлтүрүүгө тиешеси бар деген шектүү адам бир нече күндөн кийин кармалды


Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Болотбек Арзыгуловдон алынган маалымат боюнча, 26-июнда Арал айылынын Көкөмерен суусунан бычак менен өлтүрүлгөн, ички органдары алынып салынган адамдын сөөгү табылган. Ал Кырчын айылынын тургуну Урмат Куланбаев экендиги аныкталган соң, шектүү деп эсептелинген Миңкуш айылынын тургуну Орозобек Борончиевди издей башташкан. Милицияларга ок атып, каршылык көрсөтүп, тоолорго жашынып жүргөндүктөн, аны кармоого кыйынга туруп, 3 күндөн кийин 30-июнь күнү гана түнкү саат үчтөрдө Миңкуштагы бозүйлөрдүн биринен кармашкан. Шектелүүчүнүн жанынан 102-калибрдеги мылтык тогуз огу менен жана бычак табылды. Милициялардын кабарлоосунда чыр акча талашуудан чыккан. (JI)

XS
SM
MD
LG