Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

ЧӨГҮП БАРАТКАН КЕМЕГЕ ЭЧКИМ КАПИТАН БОЛГУСУ КЕЛБЕЙБИ?


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек

“Де-факто” гезити өткөн аптанын жума күнүндө Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев жолугуп сүйлөшкөнүн, буга чейин ич ара тымызын тирешип келген эки лидер бул ирет оппозциянын башын кантип бириктирүү жөнүндө ойлорун ортого салганын, “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов “эгер бирикпесек, кыргыз элинин келечеги үчүн чоң жоготуулар болорун оппозициядагылар түшүндү” деп айтканын, айтылуу Мелис Эшимканов жакын арада “Агым -плюс” деп аталган жеңил-желпи гезит чыгырганы жатыптыр маалымат тараганын, Кыргызстандын болгону төрт самолету болсо анын бирин Үсөн Сыдыковдун уулу Кара-Кужурдан өрттөп жибергенин, атасы болсо президентке догурунуп “мен сени падыша кылгам” деп олтурганын, “Манас” аэропортун пайдалангандыгы үчүн жылына 57 миллион доллар төлөмөк болгон Америка анын үчтөн бирин эле төлөп жатканын кабарлады.

Гезит баяндамачысы Жыргалбек Касаболотов, учурдагы саясат туурасында ой калчаган макаласында, акыркы убакта өкмөт үйүндө Медет Садыркулов тобунун ресурсу түгөнүп, Жаныш Бакиев тобу кризистен күч менен чыгып кетүүгө даярданып жатканын, Бакиев саясатынын алешем жактарын эми көрө калгансыган Топчубек Тургуналиевдин өткөндөгү маеги да көп нерседен кабар берерин, бул киши да башында батанын ичиндегилердин бири болгонун, батанын ичинде Азимбек Бекназаров, ыраматылык Апсамат Масалиев, Үсөн Сыдыков болсо, акырындап олтуруп бир эле Сыдыков калганын, түштүктө да баягыдай колдоо жогун, “Онусун эптеп кетирдик эле да, энди мунусу да эч бир иш кылбай, өз чөнтөгүн эле ойлоп олтурат кысталак. Эч өзгөрүү болбоду да “ деп түштүк баш чайкап калганын, түштүк эли башын чайкаса жаман болорун, Акүйдөгү ишенимдүү булактардын билдиргенине караганда кымбатчылык кысып, баалардын басып келатканын, экономиканын чыныгы абалын жакшы түшүнгөн аткаминерлер эмне кыларын билбей баштарын мыкчып олтурганын, эгер өкмөттү азыр кет десең кудай мындай бербеспи деп азыр кетүүгө даяр экендигин баяндады. Ошентип чөгүп бараткан кемеге эчким капитан болгусу келбеген менен жакында “Бирдиктүү Кыргызстан үчүн” деген кыймыл менен чыккан айтылуу Амангелди Муралиев жакшы технократ эсептелгени менен жакшы саясатчы эмес экендигин, ошондой болсо да Муралиев мырза капитан болгусу келип турганын, бирок жалаң динозаврлардан топтолгон бул кыймыл олуттуу иштерге жарай албасын белгилеп, “Бермет Акаеванын күйөөсү Адил Тойгонбаевди “Бүткүл Кыргызстандын күйөө баласы” деп жар салган Осмонакун Ибраимовдон эмне идея чыгат? 25 жыл бою өлкөнү башкарып, ошол кой үстүнө торгой жумурткалаган заманда Кыргызстандын кызыкчылыгын коңшуларынын алдында жарытылуу коргоп кала албаган Турдакун Усубалиев артынан кимди ээрчитет? Журналисттердин бир да суроосуна тыңгылыктуу жооп бербей, жалаң демагогия менен басмасөз жыйындарын толтурган Болот Жанузаковго ким ишенет?” деп жазды.

Кыскасы, азыр Кыргызстанда лидер тартыш экендигин, эгерде жакын арада Кыргызстанда бирдиктүү лидер чыкпаса, өлкө кыйын абалга туш болорун, көтөрүлчү эл баары бир көтөрүлөрүн, бирок саясый нуктан, укуктук чектен чыгып кетсе өлкө башаламандыкка тушугуп, акыры Ооганстанга айланышы мүмкүндүгүн, демек азыркы бийликти кулатууну максаты кылбастан (чындап келсе кулатуу деле кыйын эместигин), Кыргызстандын келечек тагдыры кандай болорун, ошону ойлонууга , пландаштырууга жарактуу оппозиция тез арада түзүлүшү зарыл болуп турганын кошумчалады.

Баса “Азаттыктын” окурмандарынын эсине сала кетели, бүгүндөн тартып “Де-факто”гезитинин эмгек жамааты бир жарым айлык каникулга же 20-августка чейин эс алууга кетти.


“Кыргыз туусу” гезитинин ичинде жарык көрүп туруучу “Айыл ажары” аттуу тиркемеси басылып чыкты. Тиркеме негизинен айыл-кыштактпардын жашоо турмушунун жаман-жакшы жактарын кабарлап турат. Маселен Кочкордун Ак -Кыя айлынан Медер Жумабеков аттуу окурмандын катына үңүлсөк, ал акыркы кездери айыл жергесин аралай баштаган мал арасындагы жугуштуу ылаңдар тууралуу сөз кылып, айылдан 50 метр, Кара-Кужур суусунан 100 метр аралыкта малдын котур жана күл ооруларынан алдын алуу боюнча 57-жылы курулган ванна барын, 10 тонна сыя турган мына ушул уулу дары заттары толтурулуп турчу ванна сууга жакын жайгашкандыктан айыл элине экологиялык жактан коркунуч туудуруп жатканын кабарласа, Ысык-Көлдөн Жээнбай Түрк аттуу автор көл акыркы балыгынан айрлып калчу чекке жетип калганын, мисалы ушул көлдө гана жашап, ушул көлдө гана тукум улап келген ак чабак, май чабак, көк чаар, маринка, түрпү сыяктуу балыктар бир кезде мындагы биомассанын 85 пайызын түзсө азыр жоголчу кырдаалга жеткенин ихтиолгдор какшап айтып атканын жазган. Адистердин пикирние таянсак дейт автор, жоош, момун балыктарды жок кылуу үчүн жарым кылымдан ашуун убакыт мурда эле көлгө судак аттуу жырткыч балыгы кое берилген. Эми бир жагынан балыктарды жырткыч балыктар өзүлөрү жоготуп жатса, бир жагынан браконьерлер кырып жок кылууда. Азыр көл өрөөнүндө эле браконьерлик менен жан баккан үйбүлөнүн саны 1000ден ашып кеткен. Жумушсуздуктун айынан ушундай жол менен жан багууну бетине кармап догурунган мындай адамдардын артында алардын “крышалары” бар экенин, бекер пайдага туйтунган андайлардын баары жооптуу кызматтарда иштээрин, бирок балыкка маротрий жарыяланганы менен, ошондой “крышалардын” бири да жоопко тартылбаганы эл арасында ар кандай терс ой-пикирлердин пайда болушун шарттап жаткандыгын маалымдады.
XS
SM
MD
LG