Бүгүн жолдонгон кайрылууда, “Жарандардын тынч, куралсыз митинг жана демонстрацияларды өткөрүү укугу” жөнүндөгү мыйзамга кол койбоо өтүнүчү президентке билдирилди. Укук коргоочулар ошондой эле ушул жумада тегерек стол жыйын өткөрүп, анда парламент кабыл алган митинг, пикеттерди чектеген мыйзамдын конституция жана Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерине каршы келери негизделмекчи. Негиздеме андан кийин президентке жолдонот. Бул тууралуу “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова бүгүн билдирди.(AiT)