Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

8:10 “Акыйкат үчүн” кыймылы бүгүн “Де-факто” гезитине байланышкан соңку окуялар боюнча билдирүү жасайт


Кыймыл бул окуяларды сөз эркиндигине жасалган чабуул катары баалоодо. Кечээ аталган гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобековага кылмыш кодексиндеги “Билип туруп жалган билдирүү тараткан” деген берене боюнча айып тагылып, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат алынган. Гезит 12-июндагы санында салык кызматындагы коррупциялык иштер боюнча Замира Молдоева аттуу айымдын кайрылуусун баскан эле. Бул кайрылуу чыккан соң Бишкек шаардык салык инспекциясынын башчысы Таалай Далбаевдин арызынын негизинде шаардык прокуратура аталган берене боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле Замира Молдоева аттуу адам табылбаганы айтылган.(SM)

XS
SM
MD
LG