Карабалта ШИИБ кызматкери, лейтенант Жолдошбек Эркин уулу кечээ түндө белгисиз бирөөнүн аткан огунан каза тапкан. ИИМ тараткан маалыматка караганда маркум Жолдошбек Эркин уулу кесиптеши Эсенбек Курманов менен мурдараак түзүлгөн кылмыш ишине шектүү адамдарды кармаганы барган учурда болгон. Ок милиция кызматкеринин далысына тийип, Жолдошбек Эркин уулу эки сааттан кийин ооруканадан каза тапкан. Милиционерге ок аткан кылмышкер издөөгө алынды. (ZKo)