Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДАГЫ “РЕКЕТЧИЛИК”


Жазгул Жамангулова, Чүй Кечээ Кант шаарында өткөн коомдук талкууда окуучулар арасындагы рекетчиликтин күч алганы жана ага Республикалык деңгээлде тезинен чара колдонуу керек экендиги айтылды. Быйылкы окуу жылында эле Чүй аймагында эки окуучу каза болгон. Алардын өлүмүнө түздөн-түз мектептеги рекетчилик байланыштуу экени айтылууда. Бул маселенин өтө зөөкүрлүк абалга өтүп бара жатканына эмне себеп болууда?

Бул Панфилов райондук соттун өкүмү эле, ушул жылдын 8-апрели күнү мектептеги рекетчиликке байланыштуу Панфилов районундагы Алыкул Осмонов атындагы орто мектептин 11-классынын эки окуучусу 10-класста окуган Адилет Жүзүмалиевди сабап өлтүргөн деген айып менен ар бири жети жылга эркинен ажыратылган. Мунун негизинде райондук, облустук билим берүү мекемелерине катуу эскертүү берилген. Бирок ушул эле окуу жылынын соңунда Ысык- Ата районундагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектептин 10-классынын окуучулары бүтүрүү кечесин өткөрүп жаткан Жолдошбек Эгембердиевди бычактап өлтүрүп кетишти. Ал иш азырынча тергөөдө.

Чүй облустук ИИБнин жетекчисинин орун басары Сапар Асаналиев:

- Окуучулар арасындагы рекетчилик буга чейин эле болуп келген. Ата- энелер да, ички иштер кызматкерлери да жана мугалимдер да муну жашырып келишти. бул ар бир эле мектепте бар, ал эмес айылдарда атайын балдардын топтору бар. Болгону соңку учурлар муну ачыкка чыгарып атат.

Кечээ Кант шаарында ЖК депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер ММКры менен биргеликте «Окуучулар арасындагы рекетчиликке байланыштуу» коомдук талкуу уюштурду. Депутат Орозобек Назаров:

- Азыркы балдардын көз карашы такыр башкача. Аларда түрмөнүн көз караштары бар. Айрым мектептерде спорт залы жок. Окуучулар интернеттен, телевидениеден туура эмес тарбия берүүчү фильмдерди көрүшүп, мушташкан, өлтүргөн оюндарды ойношуп жатышат. Бул билинбегени менен өтө кооптуу учур. Биз буга бүгүн күрөшпөсөк, алар эртеңки биздин ордубузду басуучулар да.

Кечээги өткөн талкуунун катышуучулары балдардын тарбиясына келгенде ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүнү зарыл деп белгилешти. Алардын бири Сосновка орто мектебинин директору Дамира Жунушбаева.

- Биринчи кезекте окуучуларга чөйрөнүн таасири бар, андан кийин сөзсүз түрдө ата-энелер баарын жакшылап көзөмөлгө алыш керек. Менимче балдырдын тарбиясына келгенде ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл.

Ал эми буга ата-энелер өздөрү эмне дешет?

- Төрөкан Алимов, биздин мектептерде түрмөдөй болгон абал түзүлгөн. мугалимдер балдарды олтургузуп алып эле аларды курулай уруша беришет. Мугалимдер биринчи кезекте окуучуларды эркин сезген абалда билим бериши керек, алар өздөрүнүн оюн ачык айтып, кысылбашы керек.

Мына ушундай пикирлерден кийин кечээ өткөн коомдук талкуунун катышуучулары мугалимдер, ички иштер кызматкерлери жана ата-энелер да биргелешкен аракетти көрүү зарылдыгын белгилеп, биргеликте алдын алуу иш чараларын уюштуруу керек деп кошумчалашты. Ал эми Чүй облустук ИИБнан, учурда ар бир айыл өкмөткө 110 коомдук алдын алуу борборлору ачылганын кабарлашты. Эми аталган коомдук алдын алуу борборлоруна педагогика жана психология илимин өздөштүргөн адистер кабыл алынат жана алар окуучулар менен тыгыз иш алып барышы керек.

XS
SM
MD
LG