Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

19:05 К.Тезекбаевдин соту эртең уланат


Дүйшөмбүдөгү сотко Ош облгуберниясынын каржы-чарба башкармасынын башчысы Сеиткасым Жээнбеков келген жок. Ал өткөн аптадагы эки жолку сотко да катышкан эмес. Ушул жагдайды эске алган Жалалабат облустук соту аны камакка алууга токтом чыгарды. Ош губернаторунун мурунку 1-орунбасары Кушбак Тезекбаевдин доо арызын кароо 9-июлда улантылат. Ал кечээ өзүнө коюлган бир нече айыптардын бардыгын четке кагып, Орусиялык кайрымдуулук жардамды мыйзамсыз таркатууда Жээнбековдун жоопкерчилиги көбүрөөк экендигин айткан. Жалалабат шаардык соту аны күчөтүлгөн тартипте беш жылга эркинен ажыратуу менен бир миллион сом айып пул салып, абакта калтырган. Жээнбеков шарттуу түрдө беш жылга кесилген. (YA)

XS
SM
MD
LG