Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Орусиянын ТИМи Грузия Кавказдагы тынчтыкка коркунуч келтирүүдө деп эсептейт


Орусия тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө белгиленгендей, Грузиянын аракеттери Кавказ чөлкөмүндө божомолдоого мүмкүн эмес кесепеттерди алып келүүчү жаңы куралдуу жаңжалдын чегине жеткирүүгө жөндөмдүү. Мындай билдирүү Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Тбилисиге жуп келер алдында жасалды.
Ал эми билдирүүнүн "провакаторлорду калкалагандар баардыгы үчүн Москваны айыптооодо" деген сөздөрү Кошмо Штаттарга багытталгандай. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс кечээ Прагада болгон учурунда Грузиядагы тирешүүнү курчутуп жатканы үчүн Москваны айыптаган эле. Грузия өзүнүн жикчил аймактары катары эсептеген Абхазия менен Түштүк Оссетияда соңку жардыруулар жана жикчилер менен грузин күчтөр ортосундагы атышуулардан алты адам каза таап, жыйырмадай киши жаракат алды.
Ал эми НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер орус тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн "кырдаалды жөнгө салууга өбөлгө бербей" турган риторика деп атады.

XS
SM
MD
LG