Жыйында өлкөдөгү адам укуктарына байланыштуу маселе талкууланып, “Акыйкатчы” институтунун алдыдагы беш жылда аткаруучу иш планы сунушталат. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, жыйында парламент тарабынан жактырылып, мамлекет башчыга сунушталган “Жарандардын тынч, куралсыз пикет, митинг өткөрүү укугу” тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө сөз болот. Буга чейин Акыйкатчы жана бир катар укук коргоочулар президент Курманбек Бакиевди аталган мыйзамга кол койбоого чакырган. Укук коргоочулардын республикалык конференциясы Нарындан кийин Жалалабат, Ош шаарларында өткөрүлмөкчү. (AJ)