Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков Чегара кызматынын башчысы Замир Молдошевди 17-июлда кабыл алып, анда кызматтын күз жана кышка даярдыгы начар экенин белгиледи. Ысык-Көл облусунда болуп келген Исаков сапар учурунда аныкталган кемчиликтерди, өзгөчө Каркыра чек ара бекетинде чек арачылардын кызмат өтөөдөгү тартип бузууларын мисал катары келтирген. Өз кезегинде Замир Молдошев жалпы Чегара кызматынын абалы жана кышка даярдык тууралуу коопсуздук кеңештин катчысына маалымат берген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бугүн кабарлашты.(AiT)