Орусиянын акыркы императору Николай II жана анын бүт үйбүлөсүнүн атылышына 90 жыл толду. Аларды 1918-жылы, 16-июлдан 17-июлга караган түнү Екатеринбург калаасында, мурда Ипатев деген инженер жашап турчу тамдын астында атышкан.
Бул күндөрү орусиялык православие чиркөө башчысы Алексий II ал жолку падышанын бүлөсүн кырууга мындай баа берган:
- Карасанатайлык менен кан төгүү ошондон башталган. Андан кийин ал биздин элдин тагдырында ондогон жылдар уланган.
Ал жолу Орусиянын тарыхында бурулуш учур болгонун, 1613-жылы такка минген Романовдор династиясын тактан кулатуу болгонун анализчилер айтышат. Экинчи талдоочулар болсо падышаны кыянатчылык менен жок кылууга ал кездеги бийлик күнөөлүү, ошол себептен азыркы тушта Романовдор тукуму кайра Орусияга келип, ал тургай коомдук кыймылдарга аралаша алышат дешет. Бирок ал үчүн баарыдан мурда Николай II менен анын бүлөсүн кырдыруу болгондугун күбөлөгөн ырасмий жарыя керек дешкен. Мындай талап Романовдор тукумунан чыгып атканы дайын болууда жана ага Орусиялык бийлик, “советтик бийлик зулумдугу үчүн биз жооп бере албайбыз” деп качууда. Чет элде жашачу княгиня Мария алдыңкы күнү Би-би-си аркалуу айткан пикиринде ушундай талап бар:
- Орусиянын бедели үчүн дүйнөлүк коомчулук алдында сот өкүмү менен мурунку укугун калыбына келтирүү канчалаган келишимдерге караганда алда канча өйдө кызмат өтөйт.
Бирок орусиялык интеллигенттер арасында падышанын бүлөсүнө байланышкан кеп, бөйрөктөн шыйрак чыгаруу дегендер бар. Маселен, жазуучу Александр Проханов мындай дейт:
- Токсон жыл мурда болуп өткөн бул окуяны улам кайра бабырап кеп кылуу - советтик кездеги орус тарыхын жок кылууга багытталган.
Дүйнөлүк тажрыйбада мурда тагынан ажыраган падышалар тукумдарына эзелки укугун кайтарып берүү болгон экен. Маселен, кийинки жылдары Румыния менен Сербияда ошондой болгон. Бирок андай көрүнүштүн Орусияга жакындыгы жок экенин бийлик партиясы «Бирдиктүү Орусия» фракциясынан шайланган депутат Сергей Попов айтат:
- Ал мамлекеттерде падышанынын тукумуна ата-тегинин укугун кайтарып берүү боюнча мыйзам иштелип чыккан. Орусияда андай мыйзам болгон эмес. Ал тургай азыркыга дейре Романовдор тукуму боюнча даярдалган эч кандай мыйзам жок.
Орусиялык 14 императордун ичинен киши колдуу болуп өлүшкөн беш падышанын бири Николай II болгон.