Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

07:50 Ошто МАИнин 2 кызматкерин, айдоочуну жана наркологду өлтүрдү деп шектелген адам кармалды


Бул тууралуу Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев кечээ кечинде маалымат жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, шектелген адам Түштүктөгү Чегара кызматынын кызматкери экени аныкталды. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдын үйүндө МАИ кызматкерлеринин тапанчасы жана айдоочуга таандык уюлдук телефон табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалган адам мас абалында болгондуктан аны МАИнин кызматкерлери машине жалдап наркологко алып барышкан. Ал эми шектелген адамдын аты-жөнү жана ал эмне себептен кылмышка баргандыгы тууралуу маалымат тергөө аяктамайынча ачыкталбай тургандыгы айтылды. 16-июлдан 17-июлга караган түнү Ош шаарында ТИКО автомашинасынын ичинде ок менен атып өлтүрүлгөн төрт адамдын сөөгү табылган эле. Акыркы бир айдын ичинде милициянын төрт кызматкери каза болгон.(MSu)

XS
SM
MD
LG